Акматова Айнура Абышаевна КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭКСПОРТКО БАГЫТТАЛГАН ТИГҮҮ ИШКАНАЛАРЫНДА КАРЖЫ ТОБОКЕЛДИКТЕРИ ЖАНА АЛАРДЫ АЗЫЙТУУНУН МЕХАНИЗМДЕРИ .pdf

КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭКСПОРТКО БАГЫТТАЛГАН ТИГҮҮ ИШКАНАЛАРЫНДА КАРЖЫ ТОБОКЕЛДИКТЕРИ ЖАНА АЛАРДЫ АЗЫЙТУУНУН МЕХАНИЗМДЕРИ .pdf
Жарыяланган күнү
04 февраля 2026 г.
Чыгарылыш
№1, 2026: Илимий ачылыштар
Раздел
ЭКОНОМИКАЛЫК ИЛИМДЕР
Автор: Акматова Айнура Абышаевна
ага окутуучусу
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
Бишкек ш.
Бұл электронды пошта мекен-жайы спам-боттардан қорғалған. Көру үшін сіздің браузеріңізде JavaScript қосулы тұруы тиіс.
КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭКСПОРТКО БАГЫТТАЛГАН ТИГҮҮ ИШКАНАЛАРЫНДА КАРЖЫ ТОБОКЕЛДИКТЕРИ ЖАНА АЛАРДЫ АЗЫЙТУУНУН МЕХАНИЗМДЕРИ
Негизги сөздөр: каржы тобокелдиктер, экспортко багытталган ишканалар, тигүү өнөр жайы, валюталык тобокелдиктер, хеджирлөө, насыялык тобокелдиктер, ликвиддүүлүк, тобокелдиктерди башкаруу, каржылык башкаруу, экспорттук операциялар, жумушчу капитал, диверсификация, камсыздандыруу, аккредитив.
Аннотация. Бул макалада Кыргызстандын экспортко багытталган тигүү
ишканаларынын каржы тобокелдиктери жана аларды азайтуунун негизги
механизмдери системалуу түрдө каралат. Изилдөөдө валюталык, насыялык,
ликвиддүүлүк, операциялык жана макроэкономикалык тобокелдиктердин
классификациясы сунушталып, алардын ишканалардын каржы туруктуулугуна
жана рентабелдүүлүгүнө тийгизген таасири талданган. Ошондой эле, тигүү өнөр
жайынын экспорттук потенциалы, ишканалардын структурасы жана учурдагы
экономикалык абалы статистикалык абалы жана аналитикалык маалыматтар
аркылуу баяндалган.
Макаланын негизги бөлүгү каржы тобокелдиктерди баалоонун ыкмалары
жана аларды азайтуунун практикалык механизмдери сунушталган. Валюталык
тобокелдиктерди башкаруу үчүн хеджирлөө аспаптары жана көп валюталуу
эсептер каралган, насылык тобокелдиктер үчүн аккретивдер, алдын ала төлөм,
экспорттук камсыздандыруу жана факторинг механизмдери сунушталат.
Ликвиддүүлүктү башкаруу үчүн жумушчу капиталды оптималдаштыруу, акча
агымын пландаштыруу жана насыялык ченемдерди колдонуу маселелери
каралган. Ошондой эле жабдууларды тейлөө, сапатты башкаруу системалары жана жумушчуларды окутуу аркылуу операциялык тобокелдикти азайтуу
жолдору баяндалаган.
Изилдөө Кыргызстандын тигүү ишканалары учун мааниге ээ сунуштарды
камтыйт: тобокелдиктерди башкаруунун корпоративдик саясатын түзүү, каржы
пландаштыруу системасын өркүндөтүү, экспорттук рыноктордун жана өнүм
линиясынын диверсификациясы, ошондой эле мамлекеттик колдоо
программаларын колдонуу жана институционалдык чөйрөнү жакшыртуу
зарылчылыгы баса белгиленет.
Макаланын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстандын тигүү өнөр жайынын
экспорттук багыттагы ишканалары үчүн каржы тобокелдиктерди системалуу
жана комплекстүү башкаруу алардын туруктуу өсүшү, рентабелдүүлүгү жана эл
аралык рыноктордо туруктуу позицияны сактоо үчүн негизги шарт болуп
саналат. Бул изилдөө өлкөнүн тигүү секторундагы стратегиялык пландоо жана
эффективдүү каржы башкарууну өнүктүрүүгө салым кошот.
+996 505 095 437
topscience.edu.kg@mail.ru