1) Макаланын УДКсы (биринчи бетинде жогорку сол бурчта) 

2) Автордун фамилиясы, аты, атасынын аты (инициалдары) кыргыз, орус жана англис тилдеринде 

3) Иштеген жери, өлкөсү жана шаары кыргыз, орус жана англис тилдеринде, e-mail. 

4) Макаланын аталышы (кыргыз, орус жана англис тилдеринде). Чоң тамгалар менен жазылат. Аталыштан кийин чекит коюлбайт. 

5) Аннотация - кыргыз, орус жана англис тилдеринде (4-5 сап). 

6) Негизги сөздөр - кыргыз, орус жана англис тилдеринде (кеминде 10 сөз) символду пайдалануу менен; (үтүрлүү чекит). 

7) Макаланын көлөмү – 12 000 - 30 000 белги (5-8 машинкага басылган барактар же 0,3 - 0,5 басма барактар) 

8) Библиографиялык маалыматтар макаланын аягында адабияттардын тизмеси алфавиттик тартипте берилиши керек (Р 7.0.7 - 2009 ГОСТун талаптарына ылайык, адегенде кириллица менен терилген булактар, андан кийин-латын тамгалары менен). 

Шилтемелер чарчы кашаа түрүндө [4, 54-бет], мында биринчи цифра шилтемелер тизмеси боюнча булак номерин, экинчиси баракты билдирет. 

Макаланын электрондук версиясынын милдеттүү параметрлери: 

  • файл *.word форматында;
  • Times New Roman шрифти, кегль-14, сап аралыгы-1, барактардын кыры - бардык жерде 2 см;
  • шилтемелер катары менен чарчы кашаанын ичинде [1]. 

Макалага рецензенттин колу коюлган, ЖОЖдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн рецензия тиркелет. 

Таблицаларды жана сүрөөттөрдү жасалгалоо: 

  • сүрөттөр, таблицалар, графиктер, схемалар номерленүүгө тийиш;
  • графиктердеги жана чиймелердеги жазуулар жана башка белгилер так жана окууга жеңил болууга тийиш. 

Автор (авторлор) жөнүндө маалымат: 

  • автордун фамилиясы, аты, атасынын аты, байланыш телефону жана электрондук дареги, ошондой эле анын иштеген жери (толук дареги менен) жөнүндө маалыматтар, кызмат орду, илимий даражасы коштоочу бетке берилиши керек, анда автордун аты-жөнүн латын тамгасы менен көрсөтүү зарыл. 

Окумуштуулук даражага ээ болбогон авторлор макаланы жарыялоо үчүн адистиги боюнча илимдин докторунун (кандидатынын) рецензиясы же макаланы басмага сунуштоо жөнүндө кафедранын (бөлүмдүн) жыйынынын протоколунан көчүрмө менен коштолот. 

  • Авторлор кол койгон макалалар редакциялык-басма кеңешинин позициясы менен дал келбеши мүмкүн.
  • Редакциялык коллегиянын экспертизасы ички редакциялык мунөздөмөгө ээ (конфиденциалдуу).
  • Керек болгон учурларда, редактор макалаларды кыскартууга жана адабий редакциялоого укуктуу.
  • Жогоруда көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербеген макалалар кабыл алынбайт.
  • Жарыяланбаган макалалар, ошондой эле электрондук маалымат каражаттары жана иллюстрациялар авторго кайтарылбайт. 

* Эскертүү:

Макалада келтирилген фактылардын жана маалыматтардын аныктыгы, жасалган тыянактардын негиздүүлүгү жана макаланын илимий деңгээли үчүн жоопкерчилиги авторлор жана рецензенттерге жүктөлөт.