Элеманова Р.Т. АЛТАЙ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ “МАНАС” КҮНҮН БЕЛГИЛӨӨ ЖӨНҮНДӨ .pdf

АЛТАЙ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ “МАНАС” КҮНҮН БЕЛГИЛӨӨ ЖӨНҮНДӨ .pdf
Жарыяланган күнү
12 июня 2026 г.
Чыгарылыш
№2, 2026: Илимий ачылыштар
Бөлүм
ТАРЫХ, ФИЛОСОФИЯ
Автор: Элеманова Р.Т.
Окутуучу
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
Бишкек ш.
Бұл электронды пошта мекен-жайы спам-боттардан қорғалған. Көру үшін сіздің браузеріңізде JavaScript қосулы тұруы тиіс.
АЛТАЙ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ “МАНАС” КҮНҮН БЕЛГИЛӨӨ ЖӨНҮНДӨ
Негизги сөздөр: Манас күнү, Алтай мамлекеттик университети, кыргыз тарыхы, маданият, идеология, тарбия.
Аннотация. Төмөндөгү макалада 2015-жылы Алтай мамлекеттик университетинде “Манас” күнү белгилендиги тууралуу сөз болмокчу. Алтай крайынын Барнаул шаарындагы Алтай мамлекеттик университетинде (АлтМУ) студенттердин демилгеси менен кыргыз элинин дүйнөгө белгилүү улуу мурасы – “Манас” эпосуна арналган маданий жана адабий иш-чара өткөрүлдү. Бул иш- чаранын максаты – боордош элдердин достугун чыңдоо, тектеш маданияттардын байлыгын даңазалоо жана жаш муундардын руханий дүйнөсүн кеңейтүү болду. Бүгүн биз маданият аркылуу достук көпүрөсүн курабыз. Кыргыз элинин “Манас” эпосу – бул элдердин биримдигин, адилеттик жана эркиндик үчүн күрөштү даңазалаган дүйнөлүк баалуулук. Мындай иш-чаралар студенттерди тарбиялоодо чоң роль ойнойт. Кыргыз рухунун улуу эстелиги “Манас” эпосу – кыргыз элинин улуттук сыймыгы, дүйнөдөгү эң көлөмдүү оозеки чыгармалардын бири катары ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирген. Ал баатырдык, эрдик жана эл биримдиги тууралуу баяндайт. Ушул улуу эпос тууралуу маалыматты жаштарга жайылтуу, анын баалуулуктарын ар түрдүү эл өкүлдөрүнө жеткирүү максатында студенттерге атайын “Манас күнү” деп аталган майрамдык кече уюштурушкан.
+996 505 095 437
topscience.edu.kg@mail.ru