Кушчубек кызы Ширин ОРТО АЗИЯ УНИВЕРСИТЕТТЕРИНДЕ «ЖАШЫЛ КИТЕПКАНА» КОНЦЕПЦИЯСЫН ИШКЕ АШЫРУУНУН ИЛИМИЙ-МЕТРИКАЛЫК БААЛООСУ .pdf

ОРТО АЗИЯ УНИВЕРСИТЕТТЕРИНДЕ «ЖАШЫЛ КИТЕПКАНА» КОНЦЕПЦИЯСЫН ИШКЕ АШЫРУУНУН ИЛИМИЙ-МЕТРИКАЛЫК БААЛООСУ .pdf
Жарыяланган күнү
04 февраля 2026 г.
Чыгарылыш
№1, 2026: Илимий ачылыштар
Раздел
ПЕДАГОГИКАЛЫК ИЛИМДЕР
Автор: Кушчубек кызы Ширин
педагогика илимдеринин кандидаты, доценттин м.а.
Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети
Бишкек ш., Кыргызстан
Бұл электронды пошта мекен-жайы спам-боттардан қорғалған. Көру үшін сіздің браузеріңізде JavaScript қосулы тұруы тиіс.
ОРТО АЗИЯ УНИВЕРСИТЕТТЕРИНДЕ «ЖАШЫЛ КИТЕПКАНА» КОНЦЕПЦИЯСЫН ИШКЕ АШЫРУУНУН ИЛИМИЙ-МЕТРИКАЛЫК БААЛООСУ
Негизги сөздөр: жашыл китепкана, туруктуу өнүгүү, университеттик китепканалар, санариптештирүү, наукометрия, илимий өндүрүмдүүлүк, электрондук ресурстар, экологиялык билим берүү, Борбордук Азия, илимий публикациялар.
Аннотация. Бул макала Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү университеттик
китепканаларда «жашыл китепкана» концепциясынын киргизилишин
наукометрикалык баалоого жана анын жогорку окуу жайлардын илимий
өндүрүмдүүлүгүнө тийгизген таасирин талдоого арналган. Туруктуу өнүгүүгө
глобалдык өтүү шартында университеттик китепканалар экологиялык жана
санариптик багыттагы илимий инфраструктуранын маанилүү борборлоруна
айланууда. «Жашыл китепкана» концепциясы китепкана фонддорун
санариптештирүү, кагаз колдонуу көлөмүн кыскартуу, энергияны үнөмдөөчү
технологияларды киргизүү жана экологиялык агартуу иш-чараларын өнүктүрүү
сыяктуу комплекстүү ишмердүүлүктү камтыйт.
Изилдөөнүн методологиялык негизин Scopus, Web of Science жана РИНЦ
маалымат базаларындагы университеттердин жарыялык активдүүлүгүн
библиометрикалык талдоо, китепканалык инфраструктуранын абалын изилдөө
жана китепканалардын илимий ишмердиктеги ролун колдонуучулардын кабыл
алуусун аныктоого багытталган социологиялык ыкмалар түздү. Статистикалык
иштетүүнүн негизинде китепканалардын санариптешүү жана экологиялык
модернизация деңгээли менен илимий публикациялардын саны, цитаталануусу жана эл аралык илимий кызматташтык көрсөткүчтөрүнүн ортосунда оң
байланыш бар экени аныкталды.
Жыйынтыктар көрсөткөндөй, электрондук китепканалык чөйрөсү өнүккөн
университеттер жогорку илимий өндүрүмдүүлүккө ээ. Ошол эле учурда
китепканалардагы экологиялык демилгелер академиялык чөйрөдө туруктуу
өнүгүү маданиятын калыптандырууга өбөлгө түзөт. Изилдөөнүн жыйынтыгында
«жашыл китепкана» университеттердин илимий натыйжалуулугун
жогорулатуучу жана аларды глобалдык илимий мейкиндикке интеграциялоону
күчөтүүчү маанилүү фактор экени негизделет.
+996 505 095 437
topscience.edu.kg@mail.ru