Козонова Жумаида ЭЛ АРАЛЫК СОЦИАЛДЫК ИШ ТАЖРЫЙБАСЫНЫН МОДЕЛЬДЕРИ .pdf

ЭЛ АРАЛЫК СОЦИАЛДЫК ИШ ТАЖРЫЙБАСЫНЫН МОДЕЛЬДЕРИ .pdf
Жарыяланган күнү
01 март 2026 г.
Чыгарылыш
№1.1, 2026: Илимий ачылыштар
Бөлүм
ТАРЫХ ИЛИМДЕРИ
Автор: Козонова Жумаида
магистрант
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
Бишкек ш.
ЭЛ АРАЛЫК СОЦИАЛДЫК ИШ ТАЖРЫЙБАСЫНЫН МОДЕЛЬДЕРИ
Негизги сөздөр: мамлекет, эл аралык уюмдар, жеке адам, укук, модель, улуттар, принциптер, эл аралык укук.
Аннотация. Бул макалада эл аралык социалдык иш тажрыйбасынын модельдеринин маныздары каралган. Көптөгөн өлкөлөрдө социалдык ишмердүүлүгүндө көптөгөн өнүгүүлөр бар. Өзгөчө, өнүккөн өлкөлөрдөгү улуттук социалдык коргоо системаларынын укуктук базасы адам укуктары жаатындагы жалпы таанылган эл аралык нормаларга жана стандарттарга негизделген. Жалпысынан, анализ көрсөткөндөй ар бир аймакка жараша модельдер аныкталган , алардын өзгөчөлүктөрү менен бирге, социалдык жардам мекемелеринин кызматтарды көрсөтөт: ата-энелер үчүн атайын кесиптик окутуу топторун уюштуруу, жумушка орношууга жардам берүү; иштеген ата-энелерге күндүз жана кечинде бала багууну камсыз кылуу; шаардык саламаттыкты сактоо борборлорунда никесиз энелер үчүн кызмат түзүү; зомбулукка кабылган балдарды коргоо кызматтарын түзүү жана колдоо; балдар үйлөрүн түзүү жана текшерүү, багып алуучу үй-бүлөлөр менен иштөө, баланын жаңы үй-бүлөгө адаптацияланышын көзөмөлдөө; балдардын билим алуусуна жардам берүү үчүн социалдык кызматтарды иштеп чыгуу, ата-энелерге үй жумуштарын аткарууга жардам берүү ж.б. сыяктуу кызматтар башка үй-бүлөлөргө да акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Өзгөчө кырдаалдарда кызматтар үй-бүлөнүн киреше деңгээлине карабастан балдарды багууну өз мойнуна алат. Англо-саксон жана башка модельдери жарандарга социалдык колдоо көрсөтүү, анын ичинде пенсия менен камсыз кылуу, улуттук саламаттыкты сактоо жана улуттук социалдык камсыздандыруу боюнча кеңири жоопкерчилиги менен мүнөздөлөт.
+996 505 095 437
topscience.edu.kg@mail.ru