Казиева Г.К., Мергенбаева А., Мелисова Г.Э. БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДА МАТЕМАТИКАНЫ ОКУТУУНУН КӨЙГӨЙЛӨРҮН ИЗИЛДӨӨНҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ .pdf

БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДА МАТЕМАТИКАНЫ ОКУТУУНУН КӨЙГӨЙЛӨРҮН ИЗИЛДӨӨНҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ .pdf
Жарыяланган күнү
12 июнь 2026 г.
Чыгарылыш
№2, 2026: Илимий ачылыштар
Раздел
ПЕДАГОГИКАЛЫК ИЛИМДЕР
Автор: Казиева Г.К.
педагогика илимдердин кандидаты, доцент
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
Бишкек ш.
Автор: Мергенбаева А.
магистрант
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
Бишкек ш.
Автор: Мелисова Г.Э.
магистрант
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
Бишкек ш.
БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДА МАТЕМАТИКАНЫ ОКУТУУНУН КӨЙГӨЙЛӨРҮН ИЗИЛДӨӨНҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ
Негизги сөздөр: Сабаттуулук, жөндөмдүүлүк, сурамжылоо, кыйынчылыктар, кызыгууну арттыруу, түшүнүктөр, чоңдуктар, математикалык түшүнүктөр, билим берүү процесси, сабак, окутуунун натыйжалуулугу.
Аннотация. Бул макалада окуу жылынын ичинде берилген математикалык материалдарды окуучулардын өздөштүрүү деңгээли боюнча жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыктары келтирилген. Жаш курактагы балдарга билим берүү – бул бүтүндөй окуу-тарбия процессинин негизи. Ал башталгыч мектепте зарыл болгон билимдерди, иш- аракеттерди жана машыгууларды калыптандыруу менен чектелбестен, ошондой эле балдардын мектепке алгачкы кадамынан баштап алардын чыгармачылык жигердүүлүгүн, ой жүгүртүүсүн жана адеп-ахлактык сапаттарын өркүндөтүүгө жоопкерчиликтүү мамиле кылууну талап кылат. Азыркы мезгилде чыгармачыл, терең ойлогон, активдүү инсанды тарбиялоо өтө маанилүү маселелердин бирине айланды. Ошондуктан, билим берүү тутумунун башкы максаты – жаш окуучулардын жеке жөндөмдүүлүктөрүн аныктоо, алар үчүн жагымдуу психологиялык чөйрө түзүү, математикалык билимдин ар бир баскычын кызыктуу кылуу жана сабактарда ар кандай типтеги тапшырмаларды сунуштоо аркылуу окуучулардын шыгын өнүктүрүү болууга тийиш.
+996 505 095 437
topscience.edu.kg@mail.ru