Токсомбаева Э.Т., Бегалиева А.С. МОРАЛДЫК-ПСИХОЛОГИЯЛЫК АБАЛ (КЛИМАТ) ТҮШҮНҮГҮ ЖАНА АНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ .pdf

МОРАЛДЫК-ПСИХОЛОГИЯЛЫК АБАЛ (КЛИМАТ) ТҮШҮНҮГҮ ЖАНА АНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ .pdf
Жарыяланган күнү
27 декабря 2025 г.
Чыгарылыш
№4, 2025: Илимий ачылыштар
Бөлүм
ПЕДАГОГИКАЛЫК ИЛИМДЕР
Автор: Токсомбаева Эркин Турганбековна
педагогика илимдеринин кандидаты, доцент
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
Бишкек ш.
Автор: Бегалиева Алтынай Сейитбековна
магистрант
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
Бишкек ш.
Бұл электронды пошта мекен-жайы спам-боттардан қорғалған. Көру үшін сіздің браузеріңізде JavaScript қосулы тұруы тиіс.
МОРАЛДЫК-ПСИХОЛОГИЯЛЫК АБАЛ (КЛИМАТ) ТҮШҮНҮГҮ ЖАНА АНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ
Негизги сөздөр: оморалдык-психологиялык климат, мектеп коллективи, социалдык-психологиялык мамиле, ишеним, эмоционалдык абал, биримдик, өз ара түшүнүшүү, жетекчилик, ынтымак, педагогикалык процесстин натыйжалуулугу, атмосфера, мотивация.
Аннотация. Бул макалада мектептеги моралдык-психологиялык климаттын маңызы, анын түзүлүү өзгөчөлүктөрү жана билим берүү процессиндеги ролу талдоого алынган. Психологиялык климат – бул коллективдеги өз ара мамилелердин сапаттык көрсөткүчү, ал ар бир мүчөнүн ишке болгон мамилесине, эмоционалдык абалына жана ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугуна түздөн-түз таасир этет. Изилдөөдө А.С. Макаренко, Б.Д. Парыгин, А.Г. Ковалёв, В.И. Панфёров, А.Н. Лутошкин сыяктуу илимпоздордун ой-пикирлери талданып, алардын концепцияларынын орток жана өзгөчө жактары көрсөтүлгөн. Макалада психологиялык климаттын негизги типтери – жагымдуу, туруктуу, орточо жана жагымсыз түрлөрү мүнөздөлүп, алардын педагогикалык жана социалдык кесепеттери талкууланган. Ошондой эле климаттын статикалык (туруктуу) жана динамикалык (өзгөрмө) деңгээлдери салыштырылып, алардын ар бири коллективдин ички атмосферасына кандайча таасир этери көрсөтүлгөн. Автордун пикиринде, мектеп жамаатында позитивдүү моралдык-психологиялык климат түзүү үчүн жетекчи менен мугалимдердин психологиялык маданияты, баарлашуу этикасы, өз ара ишеним жана колдоо маанилүү рол ойнойт. Макаланын жыйынтыгында моралдык-психологиялык климаттын оң болушу окуучулардын эмоционалдык жыргалчылыгына, мотивациясына жана жамааттын биримдигине өбөлгө түзөөрү белгиленет.
+996 505 095 437
topscience.edu.kg@mail.ru